Президент Эрдоган ЕБ  менен батыштык менталитеттердин олуттуу эместигин айтты

Стамбулда мечиттен чыгып баратып сөз сүйлөгөн Эрдогандын күн тартибинен Россиянын Украинадагы  аскердик операциясы орун алды.

1785464
Президент Эрдоган ЕБ  менен батыштык менталитеттердин олуттуу эместигин айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа Биримдиги  менен батыштык менталитеттердин Украина маселесинде олуттуу жана чечкиндүү позицияда турбагандыгын айтты. 

Стамбулда мечиттен чыгып баратып сөз сүйлөгөн Эрдогандын күн тартибинен Россиянын Украинадагы  аскердик операциясы орун алды. 

Түркиянын ушул күншө чейин НАТОнун мамилеси тууралуу ачык болгондугун белгилеген Эрдоган : "Бул жөн гана айыптоого айланбашы керек, НАТО чечкиндүү кадам ташташы керек",- деди. 

Эрдоган : "Учурда Украинада Европа Биримдиги менен батыштык бардык менталитеттер тилекке каршы олуттуу, чечкиндүү позицияда тура элек. Украинага көп кеңеш беришүүдө. Бирок ташталган эч бир кадам жок. Бүгүнкү НАТО саммитинде кандай кадам ташталышы керектиги талкууланат. Ушул кезге чейин да көп кеңеш берген Батыш ошол эле кеңештерин улантууда",- деди. 

Украинадагы түрктөрдүн эвакуацияланышына да токтолгон президент аба транспортунун коопсуз эмес экенин, эвакуациялоонун кургактык менен жүргүзүлөрүн айтып : "Элчилигибиз, башкы   консулдуктар  дагы бардык кадамдарды таштоого даяр", - деди.

 



Тектеш кабарлар