Илхам Алиев президент Режеп Таййип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

Азербайжан президенттигинен берилген маалыматка караганда Алиев Эрдоганга куттуктоо жөнөттү.

1785283
Илхам Алиев президент Режеп Таййип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

Азербайжандын президенти Илхам Алиев президент Режеп Таййип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады.

Азербайжан президенттигинен берилген маалыматка караганда Алиев Эрдоганга куттуктоо жөнөттү.

Алиев куттуктоосунда Эрдогандын даанышман жана алысты көрө билген лидерлигинде Түркиянын ар бир тармакта маанилүү ийгиликтерге жетишкенин, эл аралык аренада сөз ээси, чоң кадыр - баркка ээ  күчтүү мамлекет экенин белгиледи.

Эрдогандын чечкиндүү лидерлиги жана көп кырдуу ишмердүүлүгү менен  Түркиянын өнүгүүсүнө жана жетишкендиктерине чын жүрөктөн кубангандарын белгилеген Алиев Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы карым – катнаштардын азыркы жогорку деңгээлге чыгышында Эрдогандын орду толгус ролу бар экенин белгиледи.

Алиев Эрдогандын Азербайжанда эки өлкөнүн биримдигин жана союздаштыгын чыңдоо аракети, Азербайжандын жеринин бүтүндүгүнүн калыбына келтирилиши жана жерлеринин бошотулушу үчүн көрсөткөн колдоосу менен чоң урмат - сыйга ээ болгонун айтты. 

Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды союздаштык деңгээлине жеткирген Шуша декларациясынын бекитилишинен канааттанганын билдирген Алиев билдирүүсүндө : "Бул документ Азербайжан менен Түркиянын стратегиялык союзунун жаңы барагын ачып, аймактагы тынчтык менен коопсуздукка салым кошот. Биз боордош Түркия менен күн сайын жаңы мазмун менен байып жаткан кызматташтыгыбызды жана түшүмдүү  иш - аракеттерибизди мындан ары да кеңейтүүнү жана диверсификациялоону максат кылуудабыз",- деп белгиледи. 



Тектеш кабарлар