Түркиядан Украинадагы түрк жарандарына билдирүү
Билдирүүдө, Украинадан чыгууну каалаган түрк жарандарына керектүү колдоо жана жол көрсөтүүнүн боло турганы белгиленди.
Түркия Украинадан кетүүнү каалаган түрк жарандарына керектүү колдоо жана багыт берээрин жарыялады.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Украинанын аба мейкиндигинин дагы эле жабык экени баса белгиленип, түрк жарандарына үйүндө же коопсуз жерде калуу жана азыркы этапта саякатка чыкпоо кеңеши берилди.
Билдирүүдө, Украинадан чыгууну каалаган түрк жарандарына керектүү колдоо жана жол көрсөтүүнүн боло турганы белгиленди.
Тышкы иштер министрлигине кайрылууну каалаган түрк жарандары төмөнкү телефондорго чалса болору белгиленди:
«Тышкы иштер министрлигинин Консулдук байланыш борбору +903122922929
Киев, Чернигов, Черкассы, Гимельницкий, Харьков, Тернополь, Суми, Ровне, Полтава, Львов, Луганск, Житомир, Днепропетровск жана Волин шаарларында жашаган жарандарыбыз үчүн Киев элчилигинин шашылыш телефондору: +38063211478 +38063211478
Одесса, Николаев, Кировоград, Кропивницкий, Ивано-Франковск, Черновцы, Херсон, Запорожье, Ужгород, Донецк, Винница шаарларында жашаган жарандарыбыз үчүн Одесса Башкы консулдугунун шашылыш линиялары: +3809371100294, +3809371100294, +380291»
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.