Түркия-Косово саясий кеңешме жыйыны

Жыйын эртең борбор шаар Анкарада өткөрүлөт.

1783160
Түркия-Косово саясий кеңешме жыйыны

Түркия менен Косовонун ортосундагы эки тараптуу саясий кеңешүү жыйыны эртең борбор шаар Анкарада өткөрүлөт.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, эки тараптуу саясий консультациялардын тышкы иштер министринин орун басары жана Европа Биримдиги (ЕБ) боюнча төрага Фарук Каймакжы менен Косовонун тышкы иштер жана диаспора министринин орун басары Крешник Ахметинин тең төрагалыгы астында өтөөрү маалым болду.

Билдирүүдө: «Кеңешмеде эки тараптуу карым-катнаштардын бардык аспектилери каралып, Түркия жана Косовонун Евробиримдик менен карым-катнаштары жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашылышы көздөлүүдө»,- деп кабарланды. 



Тектеш кабарлар