Президент Эрдоган Дакарда Түркия элчилигинин канцелярия имаратын ачты

Эрдоган Африкада бир нече долбоорду турмушка ашырган фирмага жана канцелярия имаратынын курулушун рекорддук мөөнөттө турмушка ашырган бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

1783054
Президент Эрдоган Дакарда Түркия элчилигинин канцелярия имаратын ачты

Африка саякатынын негизинде Сенегалда жолугушууларын улантып жаткан президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Дакардагы элчилигинин канцелярия имаратынын ачылышын аткарды.

Президент Эрдоган ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө түрк фирмаларынын Сенегалдын инфраструктурасын жана өнүгүүсүн колдогондугу үчүн сыймыктангандыгын белгилеп,  Сенегалдын Түркия үчүн өзгөчө бир орунда экендигин айтты. 

Эрдоган : "Африка өлкөлөрү менен байланыштарыбызды бекемдеп жатабыз. Карым  - катнаштарыбызды  алдыга жылдыруудабыз. Дакар элчилигибиздин канцелярия  имаратынын пайдалуу болушун каалаймын. Архитектурасы менен Түркия Республикасына жараша тургандай чыгарма жаратуунун кубанычын жашап жатабыз",- деди. 

Сенегал менен кызматташуунун күчтүү түрдө улантылгандыгын жана соода көлөмүнүн 1 миллиард долларга жетерин айткан президент Эрдоган : "Элчилигибиз дүйнөдө үлгүлүү элчиликтерибиздин имаратынын бири болду. Жарандарыбыз сыймыктана турган бир имаратка ээ болду",- деди. 

Эрдоган Африкада бир нече долбоорду турмушка ашырган фирмага жана канцелярия имаратынын курулушун рекорддук мөөнөттө турмушка ашырган бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди. 

 

 



Тектеш кабарлар