Түрк аба жолдорунан украиналык жүргүнчүлөргө билдирүү

Жарыяда жүргүнчүлөрдүн айрым укуктардан пайдалана ала тургандыктары айтылды.

1778273
Түрк аба жолдорунан украиналык жүргүнчүлөргө билдирүү

Түрк аба жолдору (THY) Украинадагы кырдаалдан улам бул өлкөгө билет сатып алган жүргүнчүлөргө карата акчаны кайтаруу жана өзгөртүү укуктарына байланыштуу жарыя кылды.

THYнын веб-сайтындагы жарыяга караганда, Украинадагы кырдаалдан улам 2022-жылдын 13-февралында же андан мурда билет сатып алган, 13-28-февраль күндөрү Киев, Одесса, Львов, Харьков, Запорожье жана Херсон каттамдарына катталган жүргүнчүлөрдүн айрым укуктардан пайдалана ала тургандыктары айтылды.

Билдирүүдө төмөнкүлөр белгиленди:

«Өзгөртүү укуктарынын негизинде учууларын 2022-жылдын 31-мартына чейинки каттамдарыбызга эч кандай төлөмсүз жана айыпсыз алмаштыра алышат. Алар оригиналдуу билеттин баа эрежелеринин алкагында багытты өзгөртө алышат. Билеттин жарактуу мөөнөтүн 2022-жылдын 31-мартына чейин эч кандай кошумча акча төлөбөстөн жана айыпсыз узарта алышат. Колдонулбаган билеттердин акысы кайтарылып берилет. Жарым-жартылай пайдаланылган, саякаты бүтө элек билеттерде, билеттеги пайдаланылбаган каттамдар үчүн төлөм кайтарылат».



Тектеш кабарлар