Афринде жан кечтилик бомба чабуулуна бөгөт коюлду
Сирия оперативдик тобунун Африн чалгындоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Манбижден Афринге барган ПКК/ПЙД-ЙПГ мүчөсү 4 террорист кармалды.
Сирияда Манбижден Афринге барган жикчил террордук уюм ПКК/ПЙД-ЙПГ мүчөсү 1 эркек, 3 аял 13 килограммдык С4 үлгүсүндөгү жардыруучу зат менен кармалды.
Сирия оперативдик тобунун Африн чалгындоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Манбижден Афринге барган ПКК/ПЙД-ЙПГ мүчөсү 4 террорист жардырууга даяр 13 килограмм С4 жардыргыч заты жана телефон аппараты менен 4 жанкечти кемсели менен кармалды.
Мындан тышкары белгилөө жана чалгындоо максатында Африн атайын операциялык кампусун сүрөткө тарткан бир адам да кармалды.
Кармалган кишинин террордук уюмга акча алып жөнөтүү үчүн сүрөттөрдү тартканын өз билдирүүсүндө мойнуна алганы аныкталды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган TOGG унаасынын жаңы моделин карап чыкты
Президент Эрдоган Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) 80-Башкы Ассамблеясына катышты.