Түркиянын интернет ылдамдыгы 1 жылда 65 пайызга жогорулады
Министр Караисмаиоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 2021-жылдагы интернет инфраструктурасындагы өнүгүүлөргө баа берди.
1773536
Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу, Түркиянын интернет ылдамдыгынын акыркы бир жылда 65 пайызга жогорулап 44,77 Mbpsге жеткенин айтты.
Министр Караисмаиоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 2021-жылдагы интернет инфраструктурасындагы өнүгүүлөргө баа берди.
Түркиянын мобилдик кең тилкеде дүйнөлүк орточо ылдамдыктын үстүндө экенин айткан Караисмаиоглу: «Ookla-Speedtest компаниясы тарабынан даярдалган эл аралык маалыматтарга караганда, мобилдик кең тилкеде дүйнөлүк орточо көрсөткүч 29,55 болсо, Түркиянын бул жердеги ылдамдыгы 31,43 Мбит/с болуп катталды. Туруктуу кең тилкелүү ылдамдык да акыркы 1 жылда 65 пайызга жогорулап 44,77 Mbpsге жетти»,-деп билдирди.