Түрк аба жолдору экологиялык жактан таза күйүүчү майды колдоно баштады
Жаңылануучу булактардан алынган учак майы бүгүн ишке ашкан Стамбул аэропорту менен Париж Шарль де Голл аэропортунун TK1823 рейсинде биринчи жолу колдонулду.
Түркия баш болгон учуу тармагындагы 128 өлкөдө жаратылыш байлыктарын келечек муундар үчүн сактоого көңүл бурган Түрк аба жолдору (THY) учууларында экологиялык жактан таза күйүүчү майды колдоно баштады.
Жаңылануучу булактардан алынган учак майы бүгүн ишке ашкан Стамбул аэропорту менен Париж Шарль де Голл аэропортунун TK1823 рейсинде биринчи жолу колдонулду.
Тиешелүү каттамда жумасына бир жолу колдонула турган экологиялык жактан таза күйүүчү майдын ар кандай учууларда да пайдалынылып, процессте кеңири колдонулушу пландалууда.
THY колдонгон жаңылануучу авиация күйүүчү майы кадимки керосин майына салыштырмалуу парник газдарынын эмиссиясын 87 пайызга чейин азайтат.
Тектеш кабарлар
Террор менен күрөш уланууда...
Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» операциясы аймагында ПКК/ЙПГга мүчө 3 террорист аныкталды.