Акар Катардын башкы штабынын башчысы менен жолукту
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.
1772468
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар борбор шаар Анкарада Катардын Башкы штабынын башчысы, аба учкучу генерал-лейтенант Салем Бин Хамад Аль-Акил Аль-Набетти кабыл алды.
Министрликтин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда, Акар Түркияга Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлердин чакыруусу менен келген Катардын Башкы штабынын төрагасы Аль-Набетти кабыл алды.
Армия генералы Гүлер да катышкан жолугушууда коргонуу жана коопсуздук менен эки тараптуу кызматташтык боюнча пикир алмашылды.