Эрдоган менен Букеле маалымат жыйын өткөрүштү

Конок президент Букеле Түркиянын алар үчүн абдан маанилүү өлкө экенин жана Түркияда чоң потенциалды көргөндөрүн баса белгиледи.

1766144
Эрдоган менен Букеле маалымат жыйын өткөрүштү

Сальвадордун президенти Найиб Букеле Түркиянын абдан өнүккөнүн жана дүйнө үчүн өтө маанилүү абалда болоорун алдын ала көргөндөрүн белгилеп: «Түркиянын өсүшүнүн бир бөлүгү болгубуз келет»,- деди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Букеле Президенттик комплексте бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуулар менен эки өлкөнүн ортосундагы бир катар келишимдерге кол коюу аземинен кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Түркиянын алар үчүн абдан маанилүү өлкө экенин жана Түркияда чоң потенциалды көргөндөрүн баса белгилеген конок президент Букеле: «Түркия абдан өсүп жатат. Биз муну көрүүдөбүз. Ал азыр күчтүү. Келечекте мындан да чоң держава болот жана дүйнө үчүн абдан маанилүү. Биз да алар менен болгубуз келет. Себеби бул өсүүнүн бир бөлүгү болууну каалайбыз жана коштогубуз келет»,-деди.



Тектеш кабарлар