Мевлүт Чавушоглу : "Март айында айрым Латын Америка өлкөлөрүнө сапар менен барабыз"

Түркиянын Латын Америка аймагындагы өкүлчүлүк санын 17ге, ал эми Латын Америкадагы элчилик санын 16га жеткиргенин эске салган Чавушоглу, маанилүү аралыкты басып өткөндөрүн баса белгиледи

1765603
Мевлүт Чавушоглу : "Март айында айрым Латын Америка өлкөлөрүнө сапар менен барабыз"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу март айында айрым Латын Америка өлкөлөрүнө барарын билдирди.

Чавушоглу Анкара университетинде Латын Америка өлкөлөрүнүн элчилери жана Түркия Улуттук Парламентинин  Достук тобунун төрагалары  менен иш алып баруу  жолугушуусун өткөрдү.

Чавушоглу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Латын Америка өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүүдөн абдан кубанычта экендиктерин белгилеп : «Март айында бир канча өлкөнү камтый турган Латын Америка сапарына чыгабыз. Бразилиядан чакыруу келди, Түштүктөн баштап Борбордук Амрикага чейин  4 же 5 өлкөгө барабыз. Карым  - катнаштарыбызды бекемдейбиз. Карым  - катнаштарыбызды алдыга жылдыруу үчүн кесиптештерибиз менен жана кабыл ала турган болсо лидерлер менен маанилүү жолугушууларды өткөрөбүз деген үмүттөбүз»,- деди.

Латын Америка аймагындагы эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташуу ичинде экендерин белгилеген Чавушоглу, кийинки жолугушууну Борбордук Америка интеграция системасы (SICA) менен Түркияда лидерлер деңгээлинде өткөрүүнү каалашкандарын айтты.

Түркиянын Латын Америка аймагындагы өкүлчүлүк санын 17ге, ал эми Латын Америкадагы элчилик санын 16га жеткиргенин эске салган Чавушоглу, маанилүү аралыкты басып өткөндөрүн баса белгиледи.

Чавушоглу Түркия менен Латын Американын  ортосундагы экономикалык карым - катнаштардын алдыга жылдырылышы жана соодадагы тоскоолдуктардын жоюлушу керектигине көңүл бурду.

«Латын Америка  менен болгон мамилебиздеги максатыбыз –  бир команда катары жалпы келечек үчүн кызматташуубузду тереңдетүү»,-деген Чавушоглу  бул багытта иш алып барышкандарын жана аткарыла турган бардык иштерге күчтүү колдоо көрсөтө тургандарын кошумчалады.



Тектеш кабарлар