Түрк аба мейкиндигинен ар бир 22 секундада бир учак өттү

Бул тууралуу Транспорт жана инфраструктура минстри Адил Караисмаилоглу Анадолу агенттигине маалымат берди.

1761546
Түрк аба мейкиндигинен ар бир 22 секундада бир учак өттү

Өткөн жылы түрк аба мейкиндигинен ар бир 22 секундада бир учак өттү.

Транспорт жана инфраструктура минстри Адил Караисмаилоглу Анадолу агенттигине берген маалыматта өткөн жылдын акырынан тарта аба жолу менен ташылган жүргүнчү саны 128 миллион 565 миң 706га жеткендигин билдирди.

Караисмаилоглу 2003 -  жылы өлкө тышында 50 өлкөгө 60 учуу пунктуна каттам жасалган болсо өткөн жылдын акырынан тарта бул сандын жалпы 128  өлкөдө 335 учуу пунктуна жеткендигине көңүлдөрдү буруп, бул маалыматтардын Түркиянын авиацияда күн сайын ылдам өсүп жаткандыгын көрсөткөнүн айтты.

Министр Караисмаилоглу : «Түрк аба мейкиндигинде өткөн жылы аткарылган каттам саны транзиттик эстакадаларды кошкондо 2020 - жылга салыштырмалуу 38,5 пайызга өстү. 2020 -  жылы 1 миллион 55 миң 168 болгон каттам саны өткөн жылы 1 миллион 461  миң 577ге жогорулады. Башкача айтканда Түркия асманында өткөн жылы ар бир 22 секундада бир учак өттү»,- деди.

Өткөн жылдын акырынан тарта ички жана эл аралык аба каттамында өсүү болгонуна көңүл бурган Караисмаиоглу: «Түрк аба мейкиндигинен өтүүчү транзиттик эстакадалардын саны 26,9 пайызга өстү. Өткөн жылы Түркиянын аба мейкиндиги аркылуу 255 миң 622 эстакадалык өтмөк жасалды. Ушундайча түрк аба мейкиндиги жалпысынан 1 миллион 461 миң 577 каттамды ишке ашырды»,- деди.



Тектеш кабарлар