Хулуси Акар Азербайжандын Коргоо министрине көңүл айтты
Кечээ түшкү сааттарда Армениянын куралдуу күчтөрүнүн ок атуусу менен Азербайжандын 1 аскери шейит болгон.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Азербайжандын Коргоо министри Закир Хасановго Армения армиясынын ок атуусу менен шейит болгон Азербайжан аскери үчүн көңүл айтты.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда, министр Акар Азербайжандын Коргоо министри Хасанов менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Кечээ Келбежерде Армения армиясынын ок атуусу менен Азербайжан аскеринин шейит болушуна кайгыргандыгын билдирген Акар көңүл айтты.
Азербайжандын позицияларын бутага алуу менен ок атышпоо эрежесин бузган Армениянын агрессивдүү мамилесина каршылык көрсөткөн Акар Түркиянын ар дайым боордош Азербайжандын жанында болгонун жана мындан ары да дайыма жанында болоорун баса белгиледи.
Кечээ түшкү сааттарда Армениянын куралдуу күчтөрүнүн ок атуусу менен Азербайжандын 1 аскери шейит болгон.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.