Хулуси Акар Садык Ахметти эскерүү программасында сөз сүйлөдү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын диалог чакырууларына карабастан Грециянын Европа Биримдиги мүчөлүгүнө ишенип агрессивдүү кыймылдарын жаап – жашыруу аракетинде экендигин айтты.

1759233
Хулуси Акар Садык Ахметти эскерүү программасында сөз сүйлөдү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын диалог чакырууларына карабастан Грециянын Европа Биримдиги мүчөлүгүнө ишенип агрессивдүү кыймылдарын жаап – жашыруу аракетинде экендигин айтты.

Акар президенттик комплексте Доктор Садык Ахметти эскерүү программасындагы сөзүн «Батыш Фракия түрктөрүнүн адилеттик үчүн күрөшүнүн улуу коргоочусу» Садык Ахметти эскерүү менен баштады. Батыш Фракия түрктөрүнүн күрөшүнө токтолгон Акар : «Түркия катары эл аралык укук жана дүйнөлүк адам укуктарынын негизинде батыш фракиялык түрктөрдүн укуктарын коргоону, алардын күбөлүктөрүн танган саясаттарга каршы күчтүү турууну улантабыз, мындан эч ким күмөн санабасын»,- деди.

Грециянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнө ишенип агрессивдүү кыймылдарын жаап- жашыруу аракетинде экендигин белгилеген Акар буларды айтты : «Жакшы ниеттүү болгон бардык чакырууларыбызга карабастан Греция бардык чындыктарды бурмалап жана жабыркаган өлкө имиджин берүүгө, Европа Биримдигине мүчөлүгүнө ишенип мыйзам тышы жана агрессивдүү кыймылдарын жаап- жашырууга, биримдиктиничинде биримдик түзүүгө аракет кылууда. Түркия менен болгон маселелерди Түркия-Европа Биримдиги, Түркия- АКШ же Түркия-НАТО маселеси кылуу үчүн аракет кылып жатат».

Аралдар маселесине да токтолгон Акар Грециянын эл аралык келишимдерге каршы кеминде 16 аралды түрдүү машыгууларга кошкондугун айтып : «Эгемендүүлүгү келишимдер менен Грецияга берилбеген арал, аралча жана аскалар боюнча эгемендикти талап кылууда. Ал түгүл аралдардын айрымдарын сатыкка чыгарууда. Греция Чыгыш Жер Ортолук деңизде да акылга сыйбаган, мыйзам тышы дооматтарын улантууда»,- деди.



Тектеш кабарлар