Афган - Түрк Маариф мектептеринде бүтүрүү аземи өткөрүлдү

Аземде 123 окуучуга бүтүрүү сертификаттарын тапшыруу менен аяктады.

1758152
Афган  -  Түрк Маариф  мектептеринде бүтүрүү аземи өткөрүлдү

Афганистандын түндүгүндө Мазари  Шариф шаарындагы Түркия Маариф фонлунун афган  -  түрк Маариф мектептери, эркек, кыз лицейлери жана башталгыч класстарында бүтүрүү кубанычы болду.

Мазари Шарифтеги бир залда уюштурулган бүтүрүү аземине Түркия Маариф фондунун Афганистан директору Салих Сагыр, Түркиянын Кабулдагы элчилигинин диний кызматтар аташеси доктор Абдулжелил Алпкырай, Белх бидим берүү директору Шейх Абдулжелил Шехитил, окуучулар жана ата  - энелер катышты.

Билим берүү тармагында колдорунан келген аракетти көрсөтүшкөндөрүн жана көрсөтүүнү улантышарын айткан Сагыр, максаттарынын элине, мамлекетине жана үй  -  бүлөсүнө кызматк ыла турган адамдарды тарбиялоо экенлдигин белгиледи.

Сагыр ушундай бир мезгилде афган  -  түрк Маариф мектептеринен 123 окуучунун бүтүрүп чыгышынан абдан кубанычтуу экендерин айтты.

Белх билим берүү директору Шехитил Афганистан менен Түркиянын ортосунда тарыхый, маданий жана диний байланыштардын бар экенине басым жасады.

Билим берүү директорлугу катары эркек жана кыз окуучулардын билим алуусуна маани беришкенин белгилеген Шехитил бул багытта ар кандай колдоого даяр экендиктерин баса белгиледи.

Шехитил : «Жаштарыбызга билим берип, ар тармакта колдоо көрсөткөн Түркияга ыраазычылык билдиребиз»,- деди.

Аземде 123 окуучуга бүтүрүү сертификаттарын тапшыруу менен аяктады.



Тектеш кабарлар