Түрк аскерлери сириялык балдарга жардам көрсөтүштү
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасынан, Мустафа Кемал Ататүрктүн «Дүйнөнүн эч бир армиясында жүрөгү сиздикинен таза жана күчтүү аскер болгон эмес» деген сөзү бөлүшүлдү.
Түрк аскерлери Сирияда «Жаз калканы» операция аймагында балдарга керебет жана жууркан таратышты.
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасынан, Мустафа Кемал Ататүрктүн «Дүйнөнүн эч бир армиясында жүрөгү сиздикинен таза жана күчтүү аскер болгон эмес» деген сөзү бөлүшүлдү.
Билдирүүдө «Жаз калканы» аймагында, Кайсери Тынчтык гарнизонунан алынып келинген 40 керебет жана көрпөлөрүнүн «Балдар өз керебеттеринде укташат» деген ураан менен таратылганы белгиленди.
Түрк куралдуу күчтөрү 2020-жылдын 27-февралынан 5-мартына чейин Сириянын түндүгүндө террордук уюмдарга каршы «Жаз калканы» операциясын жүргүзгөн болчу.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.