Түрк аба жолдору Филиппиндин Себу шаарына каттамдарын баштады
THY учуу желесин кеңейтүүдө.
Түрк аба жолдору (THY) Филиппиндин Себу шаарына пландуу каттамдарын баштады.
THYнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, THY 2015-жылдын 30-мартында Филиппинге 3 рейс менен борбор калаа Манилага биринчи түз каттамын жасады. THY 3-январдагы Себу Ситиге учуусу менен бул өлкөдөгү учуу желесин дагы да кеңейтти.
Аптасына 3 жолу эки тараптуу түрдө жүргүзүлө турган жаңы каттам бул өлкөдөгү эки жерге тең кызмат көрсөтөт.
Түрк аба жолдору жаңы багыты менен Себу Ситини да дүйнөнүн 120дан ашуун өлкөсүндөгү 320дан ашуун дестинация менен байланыштырды.
Филиппиндин эң эски шаары болгон Себу экономикалык жана маданий маанисинен улам "Түштүктүн ханыша шаары" деп да айтылат. Шаарда өлкөнүн экинчи чоң деңиз порту да жайгашкан.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.
Террорго каршы күрөш уланууда
Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.