Түркия-АКШ биргелешкен механизми

Ибрахим Калын Анадолу агенттигинин суроолоруна жооп берди.

1754804
Түркия-АКШ биргелешкен механизми

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түркия менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) ортосундагы биргелешкен механизм боюнча алгачкы аракеттин ишке ашканын билдирди.

Чикагодо Мусулман чатыр уюмдары тарабынан уюштурулган 20 - «MAS-ICNA Жылдык Конгрессине» катышуу үчүн АКШга барган Калын Анадолу агенттигинин суроолоруна жооп берди.

Эки өлкөнүн карым-катнаштарына баа берген Калын, түрк-америка мамилелерине көлөкө түшүргөн маселелердин, АКШ башкаруучулугунун ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ жана ПЙДга берген колдоосу, Орусиядан сатылып алынган S-400 абадан коргонуу системасынан улам Түркияга адилетсиз түрдө киргизилген CAATSA санкциялары жана ушул алкакта F-35 программасынан Түркиянын четтетилиши, АКШдагы Фетуллахчы террор уюмунун түзүмүнө байланыштуу Анкараны канааттандыра турган конкреттүү кадамдардын ташталбашы экенин айтты.

Анкаранын күтүүсүнүн Түркиянын улуттук кызыкчылыктарын эске алган саясатты карап чыгуу процессинин ишке ашырылышы экенин баса белгилеген Калын, Италиянын борбор шаары Римде Чоң жыйырмалыктын саммитинин алкагында жолуккан президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Жо Байдендин эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге тиешелүү маселелерди карап чыга турган механизмдин түзүлүүсү темасында макулдашкандарын эске салды.

Калын Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин бул механизмдин түзүлүүсү жана иштеши тууралуу Вашингтонго кат жолдогондугун белгилеп: «Биз бул мамилелерди өз ара кызыкчылык жана урмат-сыйдын негизинде, тең укуктуу, адилеттүү жана ачык мамиледе жүргүзүүнү каалайбыз бирок албетте Түркиянын өзүнүн улуттук кызыкчылыктары, артыкчылыктары жана коркунучту кабылдоосу биринчи орунда турат. Ушул алкакта бул карым-катнаштарды туура пайдубалда илгерилетүү үчүн сүйлөшүүлөрүбүз уланууда»,-деди.



Тектеш кабарлар