Фахреттин Алтун Түркиянын социалдык тармактагы көрсөткүчү тууралуу билдирди

Фахреттин Алтун : «Санариптик ааламды «кибер мекен» деп  айтабыз. Чыныгы дүйнөдө  эгемендүүлүк үчүн кандай күрөшүп жаткан болсок «кибер дүйнөдө» да бир эгемендик күрөшүбүз керектигин ойлоп жатабыз»,- деди.

1752527
Фахреттин Алтун  Түркиянын социалдык тармактагы көрсөткүчү тууралуу билдирди

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун : «2021 -  жылы январь айында баштаган иликтөөбүздүн биринчи жылдагы маалыматтарына караганда Түркиянын интернетке кирүү көрсөткүчү 85, 7, социалдык желе колдонуу көрсөткүчү да 82, 8 сыяктуу жогорку деңгээлде»,- деди.

Алтун Стамбулда президенттиктин Долмабахче иш алып баруу кеңсесинде өткөн Социалдык тармак картасы долбоорун таанытуу жыйынында Түркиянын социалдык  тармактагы активдүүлүгүн жана динамикасын ачыкка чыгаруу үчүн жергиликтүү жана улуттук платформанын пайдалуу болушун каалады.

Түрдүү жаш топторунун социалдык тармакты колдонуу статистикаларынын коомдун дээрлик баарынын социалдык тармактарды күнүмдүк турмуштун бир бөлүгү кылгандыгын көрсөткөндүгүн айткан Алтун : «Социалдык тармак картасынын 2021 – жылдагы маалыматтарына караганда 15 – 17  жаш арасындагы жаштарыбыздын 98 пайызы интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү болгон бөлүктөр. Интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүгү болгон жаштарыбыздын 93 пайызы да бир социалдык тармакты колдонууда. Ушул мааниде  салынган инвестициялар абдан так түрдө Түркияны позитив түрдө айырмалады»,- деди.

Фахреттин Алтун : «Санариптик ааламды «кибер мекен» деп  айтабыз. Чыныгы дүйнөдө  эгемендүүлүк үчүн кандай күрөшүп жаткан болсок «кибер дүйнөдө» да бир эгемендик күрөшүбүз керектигин ойлоп жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар