Шентоп Түндүк Македония, Сербия жана Черногорияны камтыган сапарын баштады

Шентоп Балкан өлкөлөрүндөгү биринчи аялдамасы Түндүк Македониянын борбор шаары Скопьеде көптөгөн тарыхый жерлерди зыярат кылды.

1750612
Шентоп Түндүк Македония, Сербия жана Черногорияны камтыган сапарын баштады

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Түндүк Македония, Сербия жана Черногорияны камтыган сапарын баштады.

Шентоп Балкан өлкөлөрүндөгү биринчи аялдамасы Түндүк Македониянын борбор шаары Скопьеде көптөгөн тарыхый жерлерди зыярат кылды.

Түндүк Македония парламентинин спикери Талат Жафери менен жолугушкан Шентоп, парламентте депутаттарга кайрылды.

Коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан ата мекендик вакцина Турковактын сыноолорунун акыркы баскычка жеткенин баса белгилеген Шентоп: «Вакцина өндүрүш баскычына келгенде Түндүк Македониядагы бир туугандарыбыз жана досторубуз менен бөлүшүүгө кубанычта экенибизди билдиргим келет»,- деди.

Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) Балкан өлкөлөрүндө да иш алып барганын жана аны жок кылуу үчүн конкреттүү кадамдардын ташталышын күткөндөрүн баса белгилеген Мустафа Шентоп: «ФЕТӨ бир гана Түркияга эмес, ал жайгашкан бардык өлкөлөргө коркунуч, улуттук коопсуздук коркунучу экенин дос өлкөлөрдүн эске алышын каалайбыз»,-деп айтты. 

Шентоп жана аны коштогон парламенттик делегацияны Түндүк Македониянын президенти Стево Пендаровский кабыл алат.

Андан соң Эл аралык Балкан университетине бара турган Шентоп Скопье Тефейюз башталгыч мектебинде окуучулар менен жолугушат.

«21-декабрь Түрк билим күнү» иш-чарасына катыша турган Шентоп да бул жерде сөз сүйлөйт.



Тектеш кабарлар