Эрдоган: «2022-жылдын бюджети өлкөгө жана улутка пайдалуу болсун»

Президент Эрдоган, Президенттик комплексте Министрлер кабинетинин жыйынынан кийин элге кайрылуу жасады.

1750227
Эрдоган: «2022-жылдын бюджети өлкөгө жана улутка пайдалуу болсун»

Президент Режеп Таййип Эрдоган 2022-жылдын бюджетинин өлкөгө жана улутка пайдалуу болушун каалады.

Президент Эрдоган, Президенттик комплексте Министрлер кабинетинин жыйынынан кийин элге кайрылуу жасады.

Эрдоган Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM)  жалпы жыйынындагы талкуудан кийин кабыл алынган 2022-жылдын бюджетинин өлкөгө жана улутка пайдалуу болушун каалады.

Бюджетке коюлган 67 стратегиялык программа менен Түркияны инвестиция, жумуш менен камсыз кылуу, өндүрүш жана экспорт аркылуу өстүрүү максаттарына салым кошо турганын түшүндүргөн Эрдоган: «Бюджетибиз инновациялык жана экологиялык аспектилери менен өзгөчөлөнүп турат. Ушул убакка чейин болгону сыяктуу 2022-жылдын бюджетин биз белгилеген киреше жана чыгаша таблицаларынын алкагында өлкөбүздүн максаттарына жана улутубуздун жыргалчылыгына кызмат кыла тургандай ишке ашырабыз»,-деди.

Президент Эрдоган Түркиянын акыркы 19 жылда орто эсеп менен 5,1 пайыздык өсүү темпин алган экономикага ээ экенин баса белгиледи.

Эрдоган демократия, өнүгүү, коопсуздук жана дипломатияда татыктуу жерге алып келген Түркияны экономикада дагы ушундай ийгиликке жетишүү үчүн чечкиндүү экендиктерин айтты.



Тектеш кабарлар