Түркия АКШнын отчетуна каршылык көрсөттү

Билдирүүдө Түркиянын террордук уюмдар менен күрөшүүсүнө адилеттү баа берилбегени, отчеттун кем жана бир жактуу экени айтылды.

1749127
Түркия АКШнын отчетуна каршылык көрсөттү

Түркия АКШнын терроризм отчетунун толук эмес жана бир жактуу экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы элчи Танжу Билгич, АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2020-жылдагы терроризм отчетуна байланыштуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Билдирүүдө Түркиянын террордук уюмдар менен күрөшүүсүнө адилеттү баа берилбегени, отчеттун кем жана бир жактуу экени айтылды.

Ошондой эле отчеттун Сирия бөлүмүндө (жикчил террордук уюм) ПКК менен байланышы бар топтордун өлкөбүздүн Сириядагы терроризмге каршы күрөшүнө тынчсыздангандарынын белгилениши, бул топтордун аты аталбаса дагы SDG/PYD/YPGнын ПКК менен бирдей экенин көрсөтүп турат»,-делди.

«АКШнын ДЕАШка каршы күрөшкө жамынып колдоо көрсөткөн «SDF» деп аталган уюмдун ПККнын көзөмөлүндө экенин америкалык кесиптештерибиз жакшы билишет» деген билдирүүдө: «Ушул себептен Сирияда ооруканалар баш болгон карапайым калкты бутага алган ПККга байланышы бар топтордун өткөн жылы 120дан ашуун күнөөсүз адамдын өмүрүн алган террордук кол салууларынын отчетко кирбей калышы кабыл алынгыс»,-деп айтылды.

Отчетто чыккынчы Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен  Түркиянын мыйзамдуу күрөшү, бул арамза уюмдун кандуу төңкөрүш аракети жана уюшкан кылмыштуу аракеттери эске алынбай кара ниеттик менен бааланганы белгиленген билдирүүдө: «ФЕТӨнүн ырайымсыз террордук уюм жана кылмыштуу топ экени так далилдер жана сот чечимдери менен далилденди. ФЕТӨ биздин өлкөгө гана эмес, ал активдүү болгон ар бир өлкөнүн коопсуздугуна жана туруктуулугуна коркунуч туудурат. АКШдан күткөнүбүз өлкөсүндөгү ФЕТӨ иш-аракеттерин дароо токтотуу, ФЕТӨнүн лидери баш болгон ФЕТӨ мүчөлөрүнө баш калкалоочу жай бербөө жана Түркия менен бул тармакта кызматташуу»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар