Эрдогандын Илон Маск менен сүйлөшүүсүндө "спутник" билдирүүсү

Эрдоган кечээ Tesla жана SpaceXтин негиздөөчүсү Илон Маск менен видеоконференция аркылуу сүйлөшүү өткөргөн.

1749090
Эрдогандын Илон Маск менен сүйлөшүүсүндө "спутник" билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Tesla жана SpaceXтин негиздөөчүсү Илон Маск менен кечээки видеоконференция сүйлөшүүсүнүн фотосүрөттөрү бөлүшүлдү.

Сүйлөшүүдө Эрдоган TÜRKSAT 5B спутнигинин 19-декабрда SpaceX аркылуу космоско учурыла турганын эске салды. TÜRKSAT 5A спутнигинин үстүбүздөгү жылдын январь айында космоско учурулганын белгилеген Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты:

«Бир жылдын ичинде 2 спутник учурган сейрек өлкөлөрдүн бири болдук. TÜRKSAT 5A спутнигибиз учурулганда, балдарыбыздан TÜRKSAT 5A спутнигин б.а космосту кандай элестеткендерин сүрөткө тартууну суранганбыз. Балдарыбыздан сонун жооптор келди. 5 миңден ашык сүрөт бизге жетти. Ар бири абдан күчтүү жана мыкты кыялдардын жемиши болгон бул 5 миң сүрөттү санариптик чөйрөгө, тактап айтканда NFTге айлантып TÜRKSAT 5Bны түздүк. Мен сизге бул сонун жана чындап эле абдан маанилүү NFTди белек кылгым келет. Балдарыбыздын көздөрүндөгү жарык Түркиянын келечекте спутник технологиялары, автономдуу технологиялар, жасалма интеллект жана кибер дүйнө тармагында кайда болоорун далилдеп турат».

Элон Маск да Эрдоганга NFT белеги үчүн ыраазычылык билдирип, спутник жөнөтүүнү жана келечекте Түркия менен көп иштерди жасоону чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты.

Эрдоган менен кайрадан жолугушуунун сыймык экенин белгилеген Маск, Түркияга дагы бир жолу келүүнү каалаганын билдирди. 

Маск январь айында борбор шаар Анкарада президент Эрдоган тарабынан кабыл алынган болчу. 



Тектеш кабарлар