Чавушоглу 3 - Түркия - Африка өнөктөштүк саммитинин министрлер отурумунда сөз сүйлөдү

Мевлүт Чавушоглу : «Максатыбыз Африка менен биргеликте жеңишке жетишүү жана бирдикте келечекке карай басуу».

1749025
Чавушоглу  3 -  Түркия  -  Африка өнөктөштүк саммитинин министрлер отурумунда  сөз сүйлөдү
cavusoglu turkiye-afrika zirve.jpg
cavusoglu turkiye-afrika zirve.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын өнүгүү –  өсүү жолунда африкалык достору менен бирдикте басуу, кызматташтыкты келечекке алып барууну каалагандыгын белгилеп : «Максатыбыз Африка менен биргеликте жеңишке жетишүү жана бирдикте келечекке карай басуу»,- деди.

Мевлүт Чавушоглу Стамбулда өткөрүлгөн 3 –Түркия - Африка өнөктөштүк саммитинин министрлер жыйынында сөз сүйлөдү. Министр Чавушоглу Ковид - 19 эпидемиясына карабастан саммитке активдүү катышуудан ыраазы экендиктерин айтып : «Жогорку катышуу чындыгында Африка менен байланыштарыбыздын жеткен чегинин көрсөткүчү»,- деди.

Бул жылкы саммиттин темасынын «Бирге өнүгүү жана гүлдөп - өнүсүү үчүн бекемделген өнөктөштүк» экендигин баса белгилеген Чавушоглу : «Биз африкалык досторубуз менен өнүгүү жана гүлдөп - өнүсүү жолунда бирге   басып, кызматташтыкты келечекке алып баргыбыз келет. Максатыбыз Африка менен бирге жеңишке жетишүү, келечекке бирге кадам таштоо. Африка менен мамилелерге биздин көз карашыбыз стратегиялык, узак мөөнөттүү. Президентибиз Режеп Таййип Эрдоган Африканын 30 өлкөсүнө 50 сапар менен Африкага эң көп барган лидерлердин бири»,- деди.

Түркиянын бардык министрликтери жана бейөкмөт уюмдары Африканын өнүгүү аракеттерине чоң колдоо көрсөткөнүн белгилеген Чавушоглу : «Түрк аба жолдору Түркия менен Африканын ортосунда достук көпүрөсү болуп эле калбастан Африканы дүйнө менен байланыштырууда. Түрк инвестору Африканын бардык жеринде туруктуу издерди калтырууда»,- деди.

 



Тектеш кабарлар