ТИКА Ооганстанда муктаждарга жардам берди

ТИКАнын Кабулдагы координатору Зүхтү Чал жана Талибан өкмөтүнүн Качкындар жана кайтып келүү министрлигинин иммиграцияны аныктоо бөлүмүнүн башчысы Мевлеви Шомалхан Муслих Базарак провинциясынын борборундагы шаардык стадиондо өткөрүлгөн аземге катышты.

1745771
ТИКА Ооганстанда муктаждарга жардам берди

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Ооганстандын Панжшир провинциясында 500 үй-бүлөгө азык-түлүк жана жууркан жардамын берди.

ТИКАнын Кабулдагы координатору Зүхтү Чал жана Талибан өкмөтүнүн Качкындар жана кайтып келүү министрлигинин иммиграцияны аныктоо бөлүмүнүн башчысы Мевлеви Шомалхан Муслих Базарак провинциясынын борборундагы шаардык стадиондо өткөрүлгөн аземге катышты.

Аземде 500 үй-бүлөгө 50 килограммдан ун, 5 литрден май, буурчак, шекер, чай, томат пастасы жана макарон салынган пакеттер таратылды.

Жардам алуу үчүн стадионго барган Пенжширдин эли узун кезекке турушту. Талибан тарабынан аныкталган муктаждардын тизмесинде аты-жөнү жок ондогон адамдар жардам үмүтү менен сааттар бою күтүүнү улантышты.

Аземде сөз сүйлөгөн ТИКАнын Кабулдагы координатору Чал 4 адамдан турган үй-бүлөнүн 1 айлык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн азык-түлүк жана 1 жууркан берилгенин айтты.

Чал: «Мындан кийин мүмкүн болушунча ооган элинин жанында болууну улантабыз»,-деди.

Качкындар жана кайтуулар министрлигинин Миграцияны аныктоо бөлүмүнүн башчысы Муслих болсо: «Түркияга жана анын мекемеси ТИКАга ушундай учурда Ооганстандын элинин жанында турганы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ооганстан чындап эле учурда жардамга муктаж»,-деп айтты.

Мурдагы ооган өкмөтү кулагандан кийин Панжшир провинциясында талибдер менен тажик лидери Ахмад Масуддун Улуттук каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар уланган.

Бул кагылышуулардан улам миңдеген Панжшир тургундары үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

Талибан 6-сентябрда Пенжширди өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар