ПКК/ЙПГ дагы бир баланы уурдады

Коопсуздук булактары ПКК/ЙПГнын Сирияда Хасеке шаарынын Кебка айылында Хамид Ахмед аттуу 13 жаштагы бир баланы уурадагандыгы билдирилди.

1741907
ПКК/ЙПГ дагы бир баланы уурдады

ПКК/ЙПГ террордук уюму Сириянын түндүгүндө дагы бир баланы уурдады.

Коопсуздук булактары ПКК/ЙПГнын Сирияда Хасеке шаарынын Кебка айылында Хамид Ахмед аттуу 13 жаштагы бир баланы уурадагандыгы билдирилди.

ПКК/ЙПГ террористтери өткөн жумада да Амудеде 15 жаштагы 3 кызды уурдаган.

Коопсуздук булактары жикчил террордук уюм уурдаган балдарга Сирия режими жана ирандык куралдуу күчтөргө таандык аскердик лагерлерде курал кармоонун үйрөтүлгөндүгү  белгиледи.

Уурдалган балдардын айрымдарынын Ирактагы Кандил жана Синжарга алып барылганы, айрымдарынын Сирияда машыктырылып алдыңкы саптарга чыгарылгандыгы билдирилди.

Аймактагы булактар акыркы мезгилде балдарды уурдоо окуялары тууралуу : «ПКК/ЙПГ террордук уюмунун акыркы бир жуманын ичинде Камышлы, Амуде жана Халеп шаарларында 3 баланы уурдагандыгы, уурдалган балдарга курал карматылгандыгы, идеологиялык жана аскердик даярдыктан өткөндүгү белгилүү. Өзгөчө эл аралык адам укуктары уюмдарына ПКК/ЙПГнын  мыйзам тышы бул аракеттеринин ачыкка чыгарылышы жана алдына алынышы үчүн аракетке өтүүгө чакыруу салынды»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар