Түркия муктаж өлкөлөргө 10 миллион вакцина берет

Саламаттыкты сактоо министри Кожа Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун  Европа аймактык директору доктор Ханс Клюге менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1738561
Түркия муктаж өлкөлөргө 10 миллион вакцина берет

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Түркиянын муктаж болгон өлкөлөргө вакцина жеткирген Covax формациясы аркылуу 10 миллион доза вакцина жардам берерин айтты.

Саламаттыкты сактоо министри Кожа Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун  Европа аймактык директору доктор Ханс Клюге менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдөн кийин твиттер аркылуу маалымат берген Клюге буларды белгиледи : «Пандемияны бир гана тилектештик менен жеңе алабыз. Кыйын кыш айлары менен бетме  - бет келген, саламаттыкты сактоо системалары жана реанимация бөлүмдөрү кыйын абалда болгон Европа өлкөлөрүндө муктаждык боло турган болсо Ковид  - 19  бейтаптарынын алынышы мүмкүн экендигине байланыштуу  сунушунан улам доктор Фахреттин Кожага жана Түркияга ыраазычылыгымды билдирем. Түркия пандемиянын башынан бери 160 өлкө жана 29 эл аралык уюмга Ковид  - 19  материалын жиберди жана 11 өлкөгө 2 миллион доза вакцина берип, маанилүү бир глобалдык тилектештик үлгүсүн көрсөттү. Доктор Кожа жана Түркияга ыракмат».

Министр Кожа да  Клюгенин твиттердеги билдирүүсүнө : «Пандемиянын башынан бери Түркиянын президентибиздин лидерлигинде эл аралык тилектештикке кошкон салымына көңүл бурганыңыз үчүн ыракмат айтым. Covax формациясы аркылуу 10 миллион доза вакцина берерибиз тууралуу жакшы кабарды сиз менен бөлүшкүм келди»,- деп жооп берди.

 



Тектеш кабарлар