Түркия кайрадан ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешинин мүчөсү болуп шайланды

Аткаруу кеңеши 58 мүчө өлкөдөн турат.

1735395
Түркия кайрадан ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешинин мүчөсү болуп шайланды

Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) 2021-2025-жыл үчүн Аткаруу кеңешинин мүчөсү болуп кайра шайланды.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, ЮНЕСКОнун 41-Башкы конференциясынын алкагында кечээ өткөрүлгөн шайлоолордо 2017-2021-жылдары ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешинин мүчөсү болгон Түркиянын 2021-2025-жылдары үчүн дагы бир жолу шайланганы билдирилди.

Түркиянын ЮНЕСКОнун максаттарын жана идеалдарын кабыл алганы жана уюмга бардык деңгээлде активдүү колдоо көрсөткөнү белгиленген билдирүүдө: «(Түркия) Аткаруу кеңешинин мүчөсү катары ЮНЕСКОнун ишмердүүлүгүн жана баалуулуктарын бекемдөөгө салым кошууну улантат»,-деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө Түркиянын дагы бир мөөнөткө ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешинин мүчөлүгүнө шайланышынын мурунку мезгилдеги жигердүү жана ийгиликтүү ишмердүүлүгүнүн, ошондой эле дүйнөлүк масштабда билим, илим жана маданий баалуулуктарга кошкон салымынын натыйжасы экени белгиленди.

158 мүчө өлкө ага добуш берген бул шайлоо менен Түркия чечим чыгаруу механизминде 195 мүчө өлкөнүн 58инин арасынан кайрадан ордун алды.

Аткаруу кеңеши 58 мүчө өлкөдөн турат. 4 жылдык мөөнөткө шайлануучу комитет жылына эки жолу чогулат.



Тектеш кабарлар