Грецияда метро жана трамвай жумушчулары 24 саат иш ташташты

Иш таштоодо жумушчулар жумуш кырсыктарын алдына алуу үчүн коопсуздук чараларынын күчөтүлүшүн талап кылышты.

1735657
Грецияда метро жана трамвай жумушчулары 24 саат иш ташташты

Грецияда метро, жеңил метро жана трамвай  жумушчулары 16 -  ноябрда жумуш кырсыгында бир кесиптештеринин каза болушуна нааразычылык билдирүү үчүн 24 сааттык иш ташташты.

Грециянын мамлекеттик маалымат агенттиги АМНАнын кабарына караганда темир жол системасынын жумушчулар профсоюздарынын биргелешкен билдирүүсүндө 24 сааттык иш таштоо жарыяланды.

Маалыматта жумушчулар жумуш кырсыктарын алдына алуу үчүн коопсуздук чараларынын күчөтүлүшүн талап кылышты.

Маалыматта каза болгон кесиптеши менен коштошууну каалашкандары белгиленип : «Кырсыктын себептерин ачык билдирип, жооптуулардын жоопко тартылышын талап кылабыз»,- деп билдирилди.

16 -  ноябрда болгон кырсыкта рельстерди тейлөөдө иштеген атайын бир унаанын тормозунун иштен чыгышы менен жүргүнчү ташыбаган жеңил бир метро менен кагылышкан. Кырсыктын натыйжасында 41 жаштагы бир жумушчу каза болгон.



Тектеш кабарлар