Чавушоглу Ливандын премьер-министри менен жолугушту
Чавушоглу Микати менен Премьер-министрликтин резиденциясында жолукту.
1734769
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Бейруттагы расмий сүйлөшүүлөрүнүн алкагында Ливандын премьер-министри Нежиб Микати менен жолугушту.
Чавушоглу Микати менен Премьер-министрликтин резиденциясында жолукту.
Жолугушууга байланыштуу Твиттер баракчасынан билдирүү жасаган Чавушоглу: «Ливандын премьер-министри менен көп кырдуу мамилелерибизди кеңири талкууладык. Боордош Ливандын стабилдүүлүгүн колдообуз улана берет»,-деди.
Чавушоглу кечээ барган Бейрутта алгач Ливандын экономика министри Эмин Селам, бүгүн болсо президент Мишель Авн, парламент спикери Небих Берри жана тышкы иштер министри Абдуллах Бухабиб менен жолугушту.