«Эрен Кыш-3» операциясы башталды
Операцияга 134ү ыкчам топ болгон 2 миң 103 кызматкер катышат.
1734006
Диярбакыр жана Бингөлдө жикчил террордук уюм ПККга каршы «Эрен Кыш-3 Шейит жандармерия майору Эржан Курт Лиже-Саггөзе операциясы» башталды.
Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Диярбакыр жандармерия аймактык командирлигинин башкаруусундагы операцияга 134ү ыкчам топ болгон 2 миң 103 кызматкер катышат.
Билдирүүдө, өлкөдө террордун толугу менен жок кылынышы үчүн жүргүзүлгөн «Эрен кыш» операцияларынын элдин колдоосу менен ишенимдүү жана чечкиндүү түрдө ийгиликтүү уланганы баса белгиленди.