Венгриянын премьер - министри Түркияда

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орбанды Президенттик комплексте расмий азем менен тосуп алды.

1732775
Венгриянын премьер  - министри Түркияда
orban-erdogan fidan dikme.jpg
orban-erdogan.jpg

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан расмий сапар менен Түркияга келди. Президент Режеп Таййип Эрдоган Орбанды президенттик комплексте расмий азем менен тосуп алды.

Эрдоган менен Орбан Түркия - Венгрия Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 5 - жыйынынан кийин кол коюу аземине жана биргелешкен маалымат жыйынына катышат.

Ошол эле учурда Венгриянын премьер-министри Орбан расмий жолугушуу аземинен мурда президент Эрдоган менен бирге Бештепедеги 15 - июль демократия музейиндеги Миллет токоюнда өткөрүлгөн Улуттук дарак  отургузуу күнүнө карата көчөт отургузуу аземине катышты.

Орбан бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түркия Республикасынын негиздөөчүсү,  улуу жол башчы  Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтышынын 83 - жылына туш келген Улуттук дарак отургузуу күнүндө Анкарада  көчөт отургузуу аземине катышуудан кубанычтуу экенин билдирди. 



Тектеш кабарлар