Түркия жана 11 өлкөдөн Газага саламаттык сактоо колдоосу

27 тез жардам унаасы "Рефах" чек ара капкасынан кирди.

1731118
Түркия жана 11 өлкөдөн Газага саламаттык сактоо колдоосу

Түркия да арасында болгон 12 өлкөнүн колдоосу менен саламаттык сактоо тармагына салым кошуу үчүн Газага 27 тез жардам унаасы жөнөтүлдү.

Араб жана эл аралык уюмдар менен кызматташып 2009-жылдын ноябрь айынан бери Газага гуманитардык жардам көрсөтүп келе жаткан «Miles of Smiles» конвойу тарабынан берилген жана 12 өлкө каржылаган 27 тез жардам унаасы "Рефах" чек ара капкасынан кирди.

Конвойдун басма сөз координатору Абдуллах ел-Хаккар, каржылаган өлкөлөрдүн арасында Түркия, Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Жаңы Зеландия, Канада, Индонезия жана Алжирдин бар экенин белгиледи.

Иордания жөнөткөн 10 тез жардам унаасынын да алдыдагы күндөрдө Газага жете турганын белгилеген Хаккар, бул унаалардын өзгөчө кризис учурунда саламаттык сактоо тармагынын жүгүн жеңилдетип, жарандарга жакшы кызмат көрсөтө турганын кошумчалады.

Израиль армиясынын Газа тилкесине 10-майда баштаган кол салуулары Хамас менен жетишилген ок атышпоо келишимине ылайык 21-майда аяктаган. Кол салууларда 24 саламаттык сактоо борбору жабыркады.



Тектеш кабарлар