Чавушоглу Казыми жана Мередов менен сүйлөштү

Чавушоглу өз-өзүнчө телефон сүйлөшүүсүн өткөрдү.

1730974
Чавушоглу Казыми жана Мередов менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казыми жана Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Чавушоглу Ирактын премьер-министри менен өткөргөн сүйлөшүүсүндө Казыминин үйүнө куралдуу учкучсуз учак менен жасалган террордук кол салууну Түркиянын катуу айыптагандыгын айтты.

Чавушоглу Казымиге президент Режеп Таййип Эрдогандын жакшы каалоолорун билдирди.

Мевлүт Чавушоглу Түркмөнстандын тышкы иштер министри Мередов менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө эки министр 12-ноябрда Стамбулда өтө турган Түрк кеңешинин 8-саммитине даярдыктарды талкуулашты.



Тектеш кабарлар