Түркия Сьерра-Леондогу жарылууда каза болгондор үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады

Түркия Сьерра-Леондун борбор шаары Фритаун шаарында күйүүчү май ташыган унаанын жарылуусунан каза болгондор үчүн көңүл айтты.

1730342

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Фритаун шаарында жүк ташуучу унаа менен мунай жүктөлгөн танкердин кагылышуусунан кечээ кечинде болгон жарылуунун натыйжасында көп сандаган кишинин каза болгондугу жана жараланганы чоң кайгыруу менен белгиленди.

Билдирүүдө, «Сиерра-Леоне элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына кайрат айтабыз жана жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайбыз»,делди.

Фритаундун чыгышындагы Веллингтон аймагында да күйүүчү май ташыган кеменин жарылуусунан 92 киши набыт болгон.

Тектеш кабарлар