Шентоп: «Кавказда келечекке болгон үмүттөр жөнүндө сүйлөшүүгө негиз түзүлдү»

Мустафа Шентоп Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Коомчулук менен байланыштар көргөзмө залында өткөрүлгөн «Азербайжандын Ата Мекендик согуштагы Жеңиш майрамы фото көргөзмөсүнүн» ачылышына катышты.

1729571
Шентоп: «Кавказда келечекке болгон үмүттөр жөнүндө сүйлөшүүгө негиз түзүлдү»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп: «Азыр Кавказда өткөн кооптуу (коркунучтуу) маселелердин ордуна азыркы мүмкүнчүлүктөр жана келечекке болгон үмүттөр тууралуу сүйлөшүүгө негиз түзүлдү. Бул жагдайда Армения үчүн конструктивдүү мамиле жасоого мүмкүнчүлүк түзүлдү»,- деди.

Мустафа Шентоп Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Коомчулук менен байланыштар көргөзмө залында өткөрүлгөн «Азербайжандын Ата Мекендик согуштагы Жеңиш майрамы фото көргөзмөсүнүн» ачылышына катышты.

Шентоп Азербайжандын 28 жылдан бери басып алууда болгон Карабах жерлерин азат кылганын эске салып, көргөзмөдөгү фотосүрөттөрдүн 30 жылдык баскынчылык доорунда көргөн терең азаптын тили экенин баса белгиледи.

Азербайжандын жеңиши менен Кавказда туруктуу тынчтык жана кызматташтыктын алдында чоң бир тоскоолдуктун жоюлганын баса белгилеген Шентоп: «Азыр Кавказда өткөндөгү кооптуу маселелердин ордуна азыркы мүмкүнчүлүктөр жана келечекке болгон үмүттөр тууралуу сүйлөшүүгө негиз түзүлдү. Арменияга бул жагдайда конструктивдүү мамиле жасоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кавказдын жалпы тынчтыгын жана гүлдөп өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн оболу 2020-жылдын 9-ноябрында кол коюлган ок атышууну токтотуу келишиминин жоболору аткарылышы, тынчтык келишимине кол коюлушу керек»,-деп айтты.

Шентоп ошондой эле Армениянын көзөмөлүндөгү 46 километрдик Батыш Зенгезур коридорунун ачылып, өлкөлөр менен континенттердин ортосундагы сооданын жеңилдетилиши керектигин айтып:«Биз Армениянын бул маселеде өз келечегин ойлоп, кайраттуу жана конструктивдүү позицияны карманышын күтөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар