Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Европа Биримдигинен баш тартпагандыгын айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Европа Биримдигине талапкер өлкө статусунан баш тартпаганын, баш тарткан  Европа Биримдиги болгонун баса белгиледи.

1729821
Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Европа Биримдигинен баш тартпагандыгын айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Европа Биримдигине талапкер өлкө статусунан баш тартпаганын, баш тарткан  Европа Биримдиги болгонун баса белгиледи.

Чавушоглу Түркия Улуттук Парламентинин Пландоо жана бюджет комитетинде, Тышкы иштер министрлигинин 2022 - жылдагы бюджетин сунуштагандан кийин Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнө байланыштуу суроолорго жооп берип : «Биз Европа Биримдигине мүчө статусунан баш тарткан жокпуз. Баш тарткан Европа Биримдиги»,- деди.

Европа Биримдигине мүчөлүк процесстерине байланыштуу Европа өлкөлөрүнөн мисалдарды келтирген Чавушоглу, Европа Биримдигинин Черногория, Түндүк Македония жана Албания сыяктуу өлкөлөр менен процесстерди алдыга жылдырбаганын, себеби Франция баш болгон 9 өлкөнүн кеңейүүгө каршы экенин эске салды.

Чавушоглу, Түркиянын 20 бөлүмдөгү жылышына карабастан, айрым оппозициячыл депутаттардын Европа Биримдигинин жаңы бөлүмдөрдү ачпаганын териштирбегенине каршылык көрсөттү. Чавушоглу: «Европа Биримдигине айтабыз: бизди виза эркиндиги менен алаксытпагыла. Биз критерийлерди аткарып жатабыз. Жыйындарга да жаңыдан жакындай башташты", - деди.

Чавушоглу Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессин тездетүүнү талап кылганына карабастан Европа Биримдигинин процессти иштетпегенин баса белгилеп : «Биздин да кемчиликтерибиз бар. Бардык нерседе биз мыктыбыз дебейбиз. Бирок эмнеге Европа Биримдигин айыптабайсыңар да эмне үчүн Түркия дайыма күнөөлүү?»,- деп сурады.



Тектеш кабарлар