Париж келишиминин күчүнө кирүү датасы 10-ноябрь деп белгиленди
Президент Режеп Таййип Эрдогандын кол коюусу менен жарыяланган чечимде президенттин 2021-жылдын 7-октябрындагы 4618 саны менен бекитилген Париж келишиминин күчүнө кирүү мөөнөтү 2021-жылдын 10-ноябры деп белгиленгени маалымдалды.
Расмий гезитте жарыяланган президенттин чечими менен Париж келишиминин күчүнө кирүү мөөнөтү 2021-жылдын 10-ноябры деп белгиленди.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын кол коюусу менен жарыяланган чечимде президенттин 2021-жылдын 7-октябрындагы 4618 саны менен бекитилген Париж келишиминин күчүнө кирүү мөөнөтү 2021-жылдын 10-ноябры деп белгиленгени маалымдалды.
Президент Эрдоган 21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Түркиянын Париж келишимин ратификациялай турганын жана 2053-жылга карата таза нөл газ эмиссия максатынын кабыл алынаарын жарыялады.
Париж келишимин бекитүүгө байланыштуу мыйзам сунушу Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоптун кол коюусу менен 1-октябрда Ассамблеянын төрагалыгына сунушталган. Тийиштүү комиссиялардагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Париж келишими тууралуу мыйзам долбоору 6-октябрда Парламенттин жалпы кеңешинде кабыл алынган.
Париж келишими жөнүндөгү мыйзам 7-октябрда расмий гезитте жарыялангандан кийин күчүнө кирди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.