Эрдоган: «Түркияны өндүрүш, экспорт, инвестиция жана иш менен камсыз кылуунун негизинде көтөрөбүз»

Президент Эрдоган Turkuvaz Media уюштурган Түркия 2023 саммитине видео кайрылуу жолдоду.

1729296
Эрдоган: «Түркияны өндүрүш, экспорт, инвестиция жана иш менен камсыз кылуунун негизинде көтөрөбүз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган жылдын акырына чейин эки орундуу өсүү көрсөткүчүнө жете тургандарын белгилеп, Түркияны өндүрүш, экспорт, инвестиция жана иш менен камсыз кылуунун негизинде көтөрүүнү уланта тургандарын айтты.

Президент Эрдоган Turkuvaz Media уюштурган Түркия 2023 саммитине видео кайрылуу жолдоду.

Дүйнөнүн абдан азаптуу 2 жылдан кийин жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясына каршы күрөшүн дагы үмүттүү түрдө улантканын белгилеген Эрдоган, саламаттыкты сактоо тармагы баш болгон, транспорт, билим жана соода сыяктуу көп тармакта акырындык менен нормалдашуу кадамдары жасалып жатканы байкалганын айтты.

Эмдөө жана дарылоо ыкмаларында ээ боло турган позицияга жараша кийинки процесстин абдан тез өнүгүп кетерине ишенгендерин белгилеген Эрдоган: «Бирок, адамзат эпидемиянын ден-соолук жагына байланыштуу маселелерди чечип жаткандыктан, бул жолу эпидемиядан келип чыккан ар кандай көйгөйлөргө туш болууда»,-деди.

Эрдоган глобалдык инфляция, экономикалык рецессия жана жеткирүү чынжырларынын үзгүлтүккө учурашы сыяктуу көйгөйлөрдүн өзгөчө батыш өлкөлөрүндө расизм, исламофобия жана ксенофобиянын күчөшүнө алып келгенин белгиледи.

«Бул коркунучтарга каршы Түркия катары биз өзүбүздүн артыкчылыктарыбыздын, өз кызыкчылыктарыбыздын жана максаттарыбыздын алкагында саясаттарды иштеп чыгып, ишке ашырабыз»,- деген Эрдоган, алар берген колдоо жана стимулдар менен Түркияда жаңы ишканалардын курулушуна шарт түзгөнүн жана көптөгөн шаарларга жаңы өндүрүш ишканалары кошулганын баса белгиледи.

Эрдоган: «Эл аралык уюмдар 9 пайыз деп эсептесе дагы, биз жыл аягына чейин эки орундуу өсүү көрсөткүчүнө жетебиз деп ойлойбуз»,-деди.

Эрдоган Түркияны өндүрүш, экспорт, инвестиция жана иш менен камсыз кылуунун негизинде көтөрүүнү уланта тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар