Чавушоглу: «АКШ менен жумушчу топ түзөбүз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу маалымат берди.

1729422
Чавушоглу: «АКШ менен жумушчу топ түзөбүз»

Түркия менен АКШнын ортосунда ПКК/ПЙД/ЙПГ, Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) жана С-400 абадан коргонуу системаларын талкуулоо үчүн жумушчу топ түзүлөт.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын План жана бюджет комитетинде Тышкы иштер министрлигинин жана тиешелүү мекемелердин 2022-жылдагы бюджетин сунуштады.

Чавушоглу президент Режеп Таййип Эрдогандын АКШнын президенти Жо Байден менен жекшемби күнү (Италиянын борбор шаары Римде) жолугушуусунун конструктивдүү маанайда өткөнүн белгиледи.

АКШнын ПКК/ПЙД/ЙПГ менен кызматташуусу, ФЕТӨнүн АКШда болушу жана С-400гө байланыштуу санкцияларга карата позициясынын шериктештик рухуна туура келбегенин белгилеген Чавушоглу: «Урматтуу президентибиз бул жолугушууда буларды ачык-айкын баса белгиледи. Бул маселелерди чечүү үчүн жумушчу топ түзөбүз. Буга чейин АКШга мындай сунушту айтканбыз, эми бул сунуш Байденден келди»,- деди.

Министр Чавушоглу ошондой эле мекеме жана министрликтердин жумушчу топтун түзүлүшү жана талкуулана турган маселелер боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп жатканын билдирди.

Батышта күч алган расизм, Ислам жана чет элдик душмандык менен күрөшүүдө жарандарынын жанында экенин белгилеген Чавушоглу, Түркиянын аскердик күчү менен Сириянын Идлиб аймагындагы жарандарды коргогонун жана эл аралык аренада Палестина маселесинин желегин көтөрүүнү улантып жатканын айтты.

Чавушоглу Түркия менен Кипр түрктөрүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарынын да Чыгыш Жер Ортолук жана Эгейде эл аралык укуктун негизинде корголгондугун белгиледи.



Тектеш кабарлар