Сириянын түндүгүндө быйыл 236 террорист жок кылынды

Түрк куралдуу күчтөрү Сириянын түндүгүндө бардык террордук уюмдарга каршы күрөшүн улантып жатат.

1728559
Сириянын түндүгүндө быйыл 236 террорист жок кылынды

Түрк куралдуу күчтөрү жылдын башынан бери Сириянын түндүгүндө террордук уюм ДЕАШка мүчө 236 террористти жок кылды.

Улуттук коргоо министрлигинин булактарынан алынган маалыматка караганда, террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүп жаткан жалгыз армия болгон Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын түндүгүндө бардык террордук уюмдарга каршы күрөшүн улантканы белгиленди.

Буга ылайык 2021-жылдын башынан бери Сириянын түндүгүндө аскердик бөлүктөр тарабынан жүргүзүлгөн тинтүү, жол текшерүү жана операциялардын натыйжасында террордук уюм ДЕАШка мүчө 236 террорист жок кылынды.



Тектеш кабарлар