Чавушоглу: «Украина колдонгон SİHAлар үчүн Түркияны айыптоого болбойт»

Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммити үчүн президент Режеп Таййип Эрдоган менен Римге барган тышкы иштер министри Чавушоглу орус кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту.

1726958
Чавушоглу: «Украина колдонгон SİHAлар үчүн Түркияны айыптоого болбойт»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Украина колдонгон куралдуу учкучсуз учуучу аппараттардын (SİHA) Түркияда өндүрүлгөн болушу мүмкүн экенин, бирок Украина тарабынан колдонулганын, ошондуктан Түркияны эч ким күнөөлөй албастыгын айтты.

Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммити үчүн президент Режеп Таййип Эрдоган менен Римге барган тышкы иштер министри Чавушоглу орус кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту.

Чавушоглу жолугушуудан кийин түрк жана орус басма сөзүнө билдирүүлөрдү жасады.

Орус кабарчысынын Түркияда чыгарылган учкучсуз учуучу аппараттардын Донбасста колдонулушуна байланыштуу суроосуна Чавушоглу, Украина колдонгон куралдуу учкучсуз учуучу аппараттардын (SİHA) Түркияда өндүрүлгөн болушу мүмкүн экенин, бирок алардын колдонулушунун Украинага таандык экенин, ошондуктан Түркияны айыптоого болбой турганын айтты.

Түркиянын террор менен күрөшүүдө ар башка өлкөлөрдөн келген түрдүү куралдарга да туш болгонун белгилеген министр Чавушоглу: «Терроризмге каршы күрөшүбүздө ар кайсы өлкөлөрдөн, анын ичинде Орусиядан келген ар кандай куралдарга туш болобуз. Биз эч качан Орусияны айыптаган жокпуз. Украина да биздин атыбызды колдонууну токтотушу керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар