Блинкен, АКШ Конгресс мүчөлөрү 29 - Октябрь Республика майрамы менен куттукташты

Энтони Блинкен 29 -Октябрь Республика майрамынан улам куттуктоо жарыялап : «Түркия маанилүү НАТО союздашы жана АКШнын өнөктөшү» ,- деди.

1726737
Блинкен, АКШ Конгресс мүчөлөрү 29 -  Октябрь Республика майрамы менен куттукташты

 

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 29 - Октябрь Республика майрамынан улам куттуктоо жарыялап : «Түркия маанилүү НАТО союздашы жана АКШнын өнөктөшү» ,- деди.

АКШнын Анкара элчилигинин сайтында берилген маалыматта Блинкендин АКШнын атынан Түркия Республикасынын негизделишинин 98 жылдыгын майрамдаган түрк калкын куттуктагандыгы билдирилди.

«Түркия абдан маанилүү НАТО союздашы жана АКШнын өнөктөшү»,- деген Блинкен Түркиянын ондогон жылдандардан бери дүйнөлүк кыйынчылыктарга каршы туруу үчүн АКШ жана эл аралык коомчулуктун жанында экендигин айтты. Блинкен эки өлкөнүн көптөгөн жылдарга таянган карым- катнашынын соода, дипломатия жана коопсуздук тармактарында күчтүү кызматташтыктын түзүлгөндүгүн белгилеп буларды айтты : «Түркия менен АКШнын ортосундагы терең, эл аралык байланыштар муундар бою сакталып келген жана биздин мамилелерибиздин бекемдиги үчүн маанилүү. Бул өзгөчө күндү белгилеп жатып, сиздерге эң жакшы тилектерди каалайбыз жана келерки жылдарда өнөктөштүгүбүздүн өнүгүшүн чыдамсыздык менен күтөбүз».

АКШнын өкүлдөр палатасы АКШ -  Түркия карым - катнаштары жана америкалык түрктөр группасына мүчө Конгресс мүчөлөрү 29 - Октябрь Республика майрамын белгилешти.

Топтун теңтөрагалары Теннессиден депутат Стив Коэн, Огайодан депутат Стив Чабот, Вирджиниядан депутат Герри Конноли жана Түштүк Каролинадан депутат Джо Вилсон Түркия Республикасынын 98 жылдыгына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жарыялашты.

«Түрк калкын жана америкалык түрктөрдү Республика күнү менен куттуктайбыз»,-деп билдирилген куттуктоодо 1923 - жылы 29 - октябрда Түркия Республикасынын Мустафа Кемал Ататүрк тарабынан негизделгендиги эске салынды.

АКШдагы түрктөрдүн искусство, илим жана бизнес дүйнөсүнө көп салым кошконуна көңүл бурулган билдирүүдө : «Түркия Европа, Азия жана Африканын кесилишинде орун алган стратегиялык жерде көпчүлүгү мусулман болгон  НАТО мүчөсү катары маанилүү бир союздаш. Түркия Трансатлантикалык коопсуздук жана террор менен күрөшүүдө ачкыч ролго ээ»,- деп айтылды.

Маалыматта Түркиянын дүйнөдө эң көп качкын алган өлкө экендиги да белгиленди.



Тектеш кабарлар