Касым Жомарт Токаев менен Владимир Зеленский Эрдоганга куттуктоо жиберди

Токаев куттуктоосунда Түркиянын саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда чоң ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.

1726628
Касым Жомарт Токаев менен Владимир Зеленский Эрдоганга куттуктоо жиберди

Украинанын президенти Владимир  Зеленский Түркиянын калкы жана президент Р. Т. Эрдоганга 29 -  Октябрь Республика майрамынан улам куттуктоо жиберди. 

Зеленский твиттерден берген билдирүүсүндө өлкөлөрдүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү колдогондугун белгиледи.

Эки өлкөнүн карым  - катнаштарынын чоң потенциалынын бар экедигин айткан Зеленский түрк калкы жана Эрдоганды республиканын 98 -  жылы менен куттуктады. 

Украинанын Тышкы иштер министрлиги да твиттерден  Республика майрамы менен куттуктады. 

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев  президент Р. Т. Эрдоганга 29 -  Октябрь Республика майрамынан улам куттуктоо жиберди.

Токаев куттуктоосунда Түркиянын саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда чоң ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.

Түркиянын аймактык жана глобалдык маселелерди чечүүдө натыйжалуулугу жана чечкиндүүлүгү менен эл аралык аренада татыктуу орунга жеткенин баса белгилеген Токаев: «Казакстан менен Түркиянын ортосундагы салттуу достукка жана өз ара колдоого негизделген көп кырдуу стратегиялык мамилелер мындан ары да эки боордош элдин кызыкчылыгына ылайык тездик менен өнүгө берет деп ишенем.Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташуу Кеңешинин  8 -  мамлекет башчыларынын саммитинде конструктивдүү, мазмундуу, эки тараптуу диалогду улантуу жана жаңы деңгээлге алып келүү үчүн сиз менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатам»,- деди.

Ошондой эле Токаев президент Эрдоганга күчтүү Түркия жөнүндөгү кыялын ишке ашырууга багытталган саясий ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми түрк элине өсүп - өнүгүүнү жана бакубатчылык каалады.



Тектеш кабарлар