Калын менен Салливандын телефондогу сүйлөшүүсү

Президенттиктин басма сөз катчылыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, эки тараптуу карым-катнаштар менен катар бир топ актуалдуу маселелер сүйлөшүлдү.

1725919
Калын менен Салливандын телефондогу сүйлөшүүсү

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин басма сөз катчылыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, эки тараптуу карым-катнаштар, F-35/F-16 маселеси, глобалдык климаттын өзгөрүшү, Ооганстан, Сирия, Ливия, Тоолуу Карабах, Греция, Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана башка аймактык өнүгүүлөр каралды.

Жолугушууда президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Жо Байдендин Глазгодогу Климат саммитинин алкагында өткөрүлүшү пландалган эки тараптуу жолугушуунун темалары жана деталдары сүйлөшүлдү.

Түркия-АКШ карым-катнаштарынын стратегиялык маанисине басым жасалган сүйлөшүүдө, тараптардын темаларды өз ара урматтоо, түшүнүү жана орток кызыкчылыктардын алкагында чечүүлөрү керектиги жана эл аралык келишимдерге баш ийүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Түркиянын Ооганстанда пайда болгон гуманитардык кризистин алдын алуу жана ырааттуу чөйрөнү камсыз кылуу үчүн Ооганстан элине жардам берүүнү жана эл аралык коомчулук менен кызматташууну уланта турганы белгиленди.

Тоолуу Карабах баскынчылардан бошотулгандан кийин Кавказда тынчтык, ырааттуулук жана өнүгүү үчүн биргелешип таштала турган кадамдар баса белгиленди.

Чек ара коопсуздугун жана Сириянын жеринин бүтүндүгүн коркунучка салган ПЙД/ЙПГ/ПКК жана ДЕАШ баш болгон бардык террордук уюмдарга каршы Түркиянын чечкиндүү күрөшүнүн улана турганы баса белгиленген сүйлөшүүдө, Түркия менен АКШнын НАТО союздашы катары климаттын өзгөрүшү, терроризм, миграция жана эпидемиялар сыяктуу глобалдык жана аймактык коркунучтарга каршы кызматташтык жана тилектештик менен аракет кылышы керектиги боюнча макулдашылды.



Тектеш кабарлар