Эрдоган Азербайжандан кайтуусунда журналисттер менен маектешти

Эрдоган АКШнын президенти Жо Байден менен Шотландиянын Глазго шаарында жолугушарын белгилеп : «Албетте, бул жолугушууда биздин эң негизги темабыз F-35 (согуштук учактар)»,- деди.

1725706
Эрдоган Азербайжандан кайтуусунда журналисттер менен маектешти

Президент Режеп Таййип Эрдоган АКШнын президенти Жо Байден менен Шотландиянын Глазго шаарында жолугушарын белгилеп : «Албетте, бул жолугушууда биздин эң негизги темабыз Ф -35 (согуштук учактар)»,- деди.

Президент Эрдоган, кечээ Азербайжанга жасаган бир күндүк сапарынан кайтып келе жатып учакта журналисттерге маалымат берди.

Эрдоган сапарында Азербайжандын оккупациядан бошотулган жерлеринде ишке ашырган кайрадан куруу жана өнүктүрүү иштерин жакындан көрүп чыккандыгын, аймактагы экономикалык потенциалдын жандандырылышына, транспорт жолдорунун жана жаңыларынын курулушуна байланыштуу  аткарылган иштерди иликтегендигин белгиледи.

Азербайжандын Израиль менен соода кызматташтыгына Ирандан келген каршы чыгуулар тууралуу билдирген Эрдоган, өлкөлөрдүн бири биринин чечим механизмдерине таасирин тийгизбеши керектигин баса белгилеп, Ирандын бул жерде акылдуулук менен аракет кылышын каалышкандарын баса белгиледи.

Президент Эрдоган камактагы Осман Каваланын бошотулушу үчүн 10 элчинин чакыруу салышы жана андан кийин Түркиянын көрсөткөн каршылыгы тууралуу : «Биздин таштаган кадамыбыз бирөөгө күч көрсөтүү эмес, бир гана Түркияда кызмат кылган элчилердин Түркиянын ички иштерине аралашпашы деген мааниде. Элчилердин  кызмат кылган өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү укугу жок»,- деди.

АКШ гезиттеринин бул тууралуу кабарларына токтолгон Эрдоган : «Менин китебимде артка кадам таштоо жок»,- деди.

Эрдоган АКШнын президенти Байден менен Глазгодо өткөрө турган жолугушуусуна токтолуп: «Албетте, бул жолугушууда биздин эң маанилүү маселебиз ; белгилүү  Ф – 35тер үчүн 1 миллиард 400 миллион доллар төлөмүбүз бар. Бул төлөм боюнча, албетте, алар менен анын бизге кайтарылышы тууралуу сүйлөшүүбүз керек»,- деди.

Эрдоган АКШнын Түркияга Ф  - 16 учагын берүү тууралуу айрым маалыматтарды алганын айтып : «Бизге келген маалымат булар менен бул ишти (Ф  - 35тин акчасын) төлөө сыяктуу бир пландын бар экени боюнча. Бул туурабы, туура эмеспи; буларды өздөрүнөн билебиз. Бул тууралуу албетте менин урматтуу Байден менен сүйлөшүүм туура болот. Эгерде андай болсо, ошого жараша макулдашууга жетишкен болобуз»,- деди.

Эрдоган террор менен күрөшүүнү да өлкө ичинде жана чек ара тышында чечкиндүүлүк менен улантышарын белгиледи.



Тектеш кабарлар