Кыран: «Түркия исламофобия жана ар кандай басмырлоолор менен күрөшүүдө жол башчылык кылат»

Кыран TRT World Forum 2021дин «Расизм, маданият согуштары жана глобалдык саясаттын поляризациясы» аттуу онлайн отурумуна катышты.

1722892
Кыран: «Түркия исламофобия жана ар кандай басмырлоолор менен күрөшүүдө жол башчылык кылат»

Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран Түркиянын исламофобия жана ар кандай басмырлоолор менен күрөшүүдө жол башчылык кылганын айтты.

Кыран TRT World Forum 2021дин «Расизм, маданият согуштары жана глобалдык саясаттын поляризациясы» аттуу онлайн отурумуна катышты.

«Биз аймагыбызда жана анын чегинин тышында көтөрүлүп жаткан поляризацияны тынчсыздануу менен байкап жатабыз»,-деп айткан Кыран, популисттик саясатчылар менен медианын каалоосу менен же каалоосу жок, дискриминацияга жана расизмге үндөгөнүнө көңүл бурду.

Исламга каршы көз караштын бүгүнкү күндө расизмдин жана ксенофобиянын эң кеңири таралган белгилеринин бири экенин айткан Кыран, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жана Европа Кеңешинин отчеттору исламга каршы чыгуунун глобалдык масштабда кеңири таралган коркунучка айланганын тастыктаганын айтып: «Исламга каршы чыгуу бир топ убакыттан бери күч алууда, айрыкча Европада»,-деди.

Мусулманчылыкка каршы риториканын Европанын кабылдоосуна жана Европанын мусулман дүйнөсү менен болгон мамилелерине зыян келтиргенин белгилеген Кыран, Түркиянын исламофобия жана расизмге каршы күрөшүнүн чет өлкөдөгү 6,5 миллион жаранына түздөн-түз чагылышуулары болгонун белгилеп: «Биз Европа Кеңешинин, ЕККУнун (Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун), ИКУнун (Ислам Кызматташтык Уюмунун) жана БУУнун алкагында исламофобияга жана басмырлоонун бардык башка формаларына каршы күрөштө жол башчылык кылуудабыз»,-деп айтты.

Кыран, поляризация жана дискриминацияны күчөткөн коркунучтардын эми көз жаздымда калтырылбай турганын жана бул коркунучтардын улуттук жана эл аралык деңгээлде чукул чараларды көрүүнү талап кылаарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар