Президент Эрдоган Нигерияда

Президент Эрдоган, Абуджа эл аралык Ннамди Азикве аэропортунда расмий азем менен тосулуп алынды.

1722120
Президент Эрдоган Нигерияда

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Африка сапарынын үчүнчү жана акыркы аялдамасы Нигерияда.

Президент Эрдоган, Абужа эл аралык Ннамди Азикве аэропортуна барганында Нигериянын тышкы иштер министри Жеоффери Оньеама, федералдык борбордун министри Мухаммед Муса Белло, Нигериянын Анкарадагы элчиси Исмаил Юсуф Абба жана Түркиянын Абужа элчиси Хидайет Байрактар ​​тарабынан расмий азем менен тосулуп алынды.

Расмий жолугушууларын бүгүн баштай турган президент Эрдоган, Нигериянын президенти Мухаммед Бухари тарабынан Президенттик сарайында расмий азем менен тосулат. Бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрө турган Эрдоган менен Бухари келишимдердин кол коюу аземине катышат, андан кийин биргелешкен пресс-конференция өткөрөт.

Президент Эрдогандын нигериялык кесиптеши Бухари тарабынан анын урматына бериле турган түшкү сый тамакка катышуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар