Эрдоган: «Түркиянын ФЕТӨгө каршы күрөшүндө Тогонун колдоосу мактоого арзырлык»

Президент Режеп Таййип Эрдоганды Африкадагы экинчи аялдамасы Тогодагы Президенттик сарайында президент Фаур Эсзимзимма Гнассингбе расмий азем менен тосуп алды.

1722160
Эрдоган: «Түркиянын ФЕТӨгө каршы күрөшүндө Тогонун колдоосу мактоого арзырлык»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Фетуллахчы террордук уюмуна (ФЕТӨ) каршы күрөшүндө Тогонун колдоосунун мактоого арзырлык экенин айтты.

Президент Эрдоганды Африкадагы экинчи аялдамасы Тогодагы Президенттик сарайында президент Фаур Эсзимзимма Гнассингбе расмий азем менен тосуп алды.

Салтанаттан кийин эки лидер бетме-бет жана делегациялардын ортосунда жолугушууларды өткөрүштү.

Президент Эрдоган делегациялардын ортосундагы жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө Түркия менен Тогонун карым -катнаштары акырындык менен өнүгүп жатканын айтты.

Эрдоган коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) менен күрөшүү үчүн Тогого вакцина жагынан кайрымдуулук кылышарын белгилеп: «Того, Буркина -Фасо жана Либерияга биз Түркия жана Түрк Кеңеши катары эмки жылдарда вакциналарды тапшырабыз»,-деди.

Эрдоган ФЕТӨгө каршы күрөшкө токтолуп: «ФЕТӨ менен күрөшүбүздүн алкагында Тогонун колдоосу мактоого арзырлык. Мен аларга ФЕТӨ менен күрөшүүдөгү чечкиндүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирем. Биз бул дос жана боордош өлкөлөрдүн ФЕТӨ балээсинен тазаланышын каалайбыз. Биз муну алар да каалап жатканын билебиз. Бул контекстте ар кандай колдоону көрсөтөбүз», - деп айтты.

Того менен коргонуу өнөр жайы, айыл чарбасы жана аскердик коопсуздук кызматташтыгында кадам таштай аларын баса белгилеген Эрдоган: «Биз ар дайым Тогонун жанында болууну улантабыз»,-деп өз пикирин билдирди.

28 Африка өлкөсүнө 38 жолу барганын белгилеген Эрдоган, бул сапарлардын дагы көбөйө турганын жана Африка континентиндеги дагы 4 өлкөгө өтө кыска убакыттын ичинде сапар жасай турганын айтты.



Тектеш кабарлар